ӨКМ шашылыш билдирет: Сел жүрүшү мүмкүн. Кайсы аймактарда?

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү боюнча 10-12-август күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча төмөнкү аймактарда сел жүрүшү, ошондой эле унаа жолдорунда сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМнын жүргүзгөн мониторингине ылайык, төмөнкү аймактарда сел жүрүшү жана таш кулашы мүмкүн экендиги айтылды:

  • Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Ош шаарынын аймактарында ;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
  • Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;
  • Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;
  • Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда.

Республиканын унаа жолдорундагы сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн болгон кооптуу аймактар:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;
  • Талды — Суу – Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;
  • Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара —Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

«Жарандарды жана айдоочуларды сак болуп, кырсык болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты