ӨКМ: Селдин кесепетинен дайынсыз болгондор изделүүдө

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-июль күнү Ош облусунда селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жалпы беш кишини суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү белгиленди.

Кечээ, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн издөө-куткаруу иши төрт топко бөлүнүү менен башталды. Алсак Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.

Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды.

Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты