ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн болгон жерлерди белгиледи  

  • 3 недели мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 23-25-август күндөрү туруксуз аба-ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланышту өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолуна ылайык, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү, таш кулоосу күтүлүүдө.

Айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу сел жүрүү, таш кулоо кооптуулугу бар, айрыкча:

— Бишкек – Ош унаа жолунун 221-251,9, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

— Бишкек – Балыкчы Боом капчыгайындагы унаа жолдун 112-128-чакырымдарында;

— Балыкчы – Бөкөнбаева – Каракол унаа жолунун 60, 201-чакырымдарында;

— Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол 1-43, 65-100-чакырымдарында;

— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

— Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты