ӨКМ: Ошто селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-июлда, Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 48 техника, 378 куткаруучу, 19 мотопомпа тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Ал эми жергиликтүү тургундарга 17-июлда 74 тонна суу жеткирилди. Бүгүн да таза суу менен камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүүчү эки авто унаа иштеп жатат.

Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770 кызматкер тартылды. Коомдук коопсуздукту сактоодо 71 ИИМ кызматкери тартылды.

Кечээ, 17-июлда, селден жабыркаган Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланып бүткөрүлдү.

Бүгүн, 18-июль күнү, райондун Мады жана Баш-Булак айыл аймактарында турак үйлөрдү тазалоо жумушу уланат.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты