ӨКМ Ноокаттагы селдин себептерин санады   

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 29-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда селдин себептери боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) изилдөө жүргүзгөнүн билдирди.

Анда, сел суулардын каптоосунун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

—Аномалдуу жаан чачындын жаашы;

-Узак жылдардан бери чоң көлөмдөгү сел процесси катталбагандыктан, Апшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда бак- дарактардын өсүүсү жана дарыянын жээктерине эс алуу үчүн тапчандардын башаламан курулуусу;

-Көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн сел суу өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болушу.

Изилдөөнүн жыйынтыгында болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кырсыктын алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана Ноокат райондук администрациясына төмөндөгү ишң чараларды аткаруу сунушталат:

1. Ички чарбалык жолдорду атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү;

2. “АРИС” уюмуменен биргеликте 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоп түзөө, жээктерин бекемдөө;

3. Авариялык абалга келген таза суу түтүкчөсүн калыбына келтирүү;

4. Сел ширендилерине каптаган турак жайларды, социалдык обьектилерди тазалоо боюнча тиешелүү иш- чараларды аткаруу.

№37 Жол тейлөө мекемесине төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунушталат:

1. Тез аранын ичинде Т.Кулатов-Апшыр-Сай унаа жолундагы эрозияга учураган жана сел калдыктарга жарым жартылай толгон участкаларын атайын техниканын жардамы менена калыбына келтирүү, чаап тазалоо;

2. Капиталдык оңдоп- түзөөгө муктаж унаа өтүүчү көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, суу кирүүчү жана чыгуучу тараптарын бекемдөө;

3. Толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен жаңыдан унаа өтүүчү көпүрө куруу;

Райондук электр тармактар ишканасына тез аранын ичинде сел агызып кеткен электр мамыларын калыбына келтирүү .

“Кызыл-Кыя” көмүр ачык акционердик коомуна Апшыр-Сай дарысына курулган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор (техникалык чечимдин) негизинде сел өткөрмө (селепропускник) куруу иш чараларды аткаруу иштери сунушталды.

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Апшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Апшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.

29-июнда каза болгондордун саны 8 киши экени айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты