ӨКМ: Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

  • 3 недели мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-августтан 29-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүндү.

«Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, «112» кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат» деп билдирди ӨКМ.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты