ӨКМ Көл-Төр көлүн көзөмөлдөп жатканын билдирди

  • 1 месяц мурун

Чүй районунун Кегети айыл аймагындагы бийик тоолуу Көл-Төр көлүнүн деңгээли көтөрүлүп, суу ашып жаткандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) маалымат түшкөн.

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, көлдү көзөмөлдөө жана сифон ыкмасында суу түтүгүн орнотуу үчүн 3-августта куткаруучулар Кегетиге чыгышкан.

Ал эми анын абалын текшерүүгө, изилдөөгө өзгөчө кырдаалдарга божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинен эки кызматкер, коопсуздандыруу иштерине ӨКМдин Чуй облустук башкармалыгынын 24 куткаруучу жеринде иштешти.

Куткаруучулар сифон ыкмасы менен сууну азайтуу максатында 150-диаметрдеги 138 метр желим түтүк орнотушту.  4-августта дагы 135 метрлик түтүктөн экини орнотушту.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты