ӨКМ: Күйүүчү май сактоочу жайда чыккан өрт өчүрүлдү

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Профсоюзная көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, май сактоочу кампа менен «Ford Transit» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 150чарчы метрди түзгөн.

«Тилсиз жоо саат 14:58де чектөөгө алынып, саат 16:34дө толук өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты