ӨКМ: Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги ачык аянтта чыккан өрт өчүрүлдү

  • 1 месяц мурун

8-августту караган түнү Бишкектин Октябрь районуна караштуу Ч. Айтматов проспектисиндеги суу топтогон станциянын аймагында чыккан өрт таңкы саат 7лер чамасында өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, станциянын аймагындагы ачык аянтта чыккан өрттүн аянты 3 гектарды түзгөн. Куураган чөп, чуңкурдагы отун жана курулуш таштандылары күйгөн.

Ошондой эле, жабыркагандар жок экендиги айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты