ӨКМ Ат-Башыдагы «Кында» ашуусунун жабылганын билдирди

  • 7 дней мурун

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымындагы “Кында” ашуусу 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2024-жылдын 6-ноябрындагы №249-б буйругунун негизинде кабыл алынган. Чечимдин негизги максаты — өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу экендиги айтылды.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты