ӨКМ: «Арал» өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

  • 7 дней мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүндөн баштап Токтогул районунун «Арал» өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилгенин билдирди.

Министрлик бул чектөө Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилгенин айтты.

Эске салсак, ӨКМ 9-10-ноябрь күндөрү Бишкек-Ош унаа жолунун 21-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), ошондой эле тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты