ӨКМ: Ак-Буура дайрасына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө
- 1 неделя мурун
Ош шаарынын Жаңы-Маала айылынын тургуну, 2019-жылы туулган С.И. аттуу бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 10-ноябрда “112” кызматына түшкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Мындан улам ички иштер министрлигинин кызматкерлерине көмөктөшүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан төрт куткаруучу тартылган.
Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн да улантылары айтылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү