Климаттык көйгөйлөр көтөрүлдү. Садыр Жапаров Антониу Гуттериш менен жолугушту

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Катчылыгынын имаратында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, башкы катчы Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтып өттү.

Президент Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргызстан негизги артыкчылыкты — адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты карманарын айтты. Ал Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча экинчи улуттук ыктыярдуу сереп башталганын маалымдады. Ал өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин дүйнөнүн эң мыкты 30 өлкөсүнүн катарына кирүү амбициялуу максатка жетишүүгө багытталган.

Мамлекет башчы мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы сыяктуу аймак үчүн климаттык көйгөйлөрдү белгиледи. Ал БУУнун энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча региондук борборду түзүү демилгесин колдоого чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу салым боло турган мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады.

Муну менен катар президент 2027-жылы өтө турган экинчи “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитин даярдоого катышууга жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн «БУУ-Тоолор» эл аралык платформасын түзүүгө чакырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты