Кийинки VI дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

  • 1 неделя мурун

Кыргызстандан башталып, дүйнөлүк мелдештерге айланган кийинки VI Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт.  

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.

«Кыргызстандан чыккан дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өз мекенине барып, 2026-жылы Кыргызстанда өтмөй болду»деди Максүтов.

Астана шаарында өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди.

Оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтүүдө. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда.

Кыргызстандан 253 спортчу кетти. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачылыш аземине катышуу үчүн кошуна өлкөгө барды.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты