Киевде соккудан адамдар каза таап, балдар ооруканасы зыянга учурады

  • 3 месяца мурун

8-июль күнү эртең менен Орусиянын аскерлери Украинага ракеталык чабуулдарды жасап, жыйынтыгында ондогон киши каза болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарап жалпысынан 40тан ашык ракета учурганын билдирди.

Маалыматка караганда, ракеталарды стратегиялык аскер учактары Каспий деңизинин үстүнөн кое берген. Украинанын бардык аймагында айгай жаңырып, Киевде жарылуулардын үнү угулуп, бийлик абадан коргонуу системалары иштеп жатканын билдирген.

Шаардык акимчилик атып түшүрүлгөн ракеталардын сыныктары Киевдин бир нече районуна кулаганын, бир катар имараттар зыянга учурап, өрт чыкканын маалымдады. Киевдин мэри Виталий Кличко талкаланган имараттардын арасында балдар ооруканасынын имараты да бар экенин айтты. Түрдүү маалыматтар боюнча, андагы урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн.

Украин бийлиги Киевде жети киши каза болуп, ондон ашык адам жаракат алганын билдирди. Учурда маалыматтар такталып жаткандыктан, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.

Жарылуулар ошондой эле Украинанын Днепр, Кропивницк, Кривой Рог шаарларында, өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жана Донецк облусундагы кээ бир калааларда болгону кабарланды.

Кривой Рогдун башчысы Александр Вилкулдун айтымында, ракеталардын бири шаардагы административдик имаратка тийип, 10 киши каза болду. Донецк облустук акимчилиги Покровск шаарында үч киши өлгөнүн маалымдады.

Орусия тарап бул ракеталык соккулар боюнча эч кандай комментарий берген жок. Орусиянын ТАСС агенттиги Киевдеги «Артем» аскердик заводунда жарылуу болгонун билдирүүдө. Азырынча бул маалымат ырастала элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты