Киевде казакстандык оппозициячыл журналист Айдос Садыковго ок атылды

  • 3 месяца мурун

18-июнда Киев шаарында белгисиз адам казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыковдун автоунаасына ок атты. Активисттин жубайы Наталья Садыкова «Фейсбуктагы» баракчасына Киевдеги үйүнүн жанында «күйөөсүн өлтүрүү» аракети болгонун жазды.

Украинанын полициясы белгисиз адам токтоп турган автоунаага ок атып, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирип, жабырлануучу тууралуу маалымат берген эмес. Башкы прокуратура «Казакстандын жаранын өлтүрүүгө аракет кылуу» фактысы боюнча иликтөө башталганын жабырлануучу ооруканага жаткырылганын, абалы оор экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Садыковдун аты аталган эмес.

Казак укук коргоочусу Инга Иманбай активисттин жубайына таянып, Садыков Киевдеги оорукананын реанимация бөлүмүндө экенин жазды.

«БӘСЕ» YouTube каналынын авторлору эсептелген Айдос менен Наталья Садыковдор качкын макамын алып, Украинада жашайт. Жубайлар 2014-жылы Наталья Садыковага Казакстанда кылмыш иши козголгондон кийин Киевге көчүп кетишкен. Айдос Садыков Казакстанда саясий куугунтукка кабылганын айтып келген.

Өткөн жылдын октябрь айында казак бийлиги аларга «Жек көрүүчүлүктү козутуу» беренеси менен иш козгоп, издөө жарыялаган. Айдос Садыков «Азаттыктын» каза кызматына кылмыш иши «саясий жүйөдөн» улам ачылганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты