“Киборг” каймана аттуу уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Киборг» каймана аты бар КР жараны  М.Н.М. мыйзамсыз иштер менен алектенген К.Асанбек менен жана «Сапа» каймана аттуу Балыкчы шаарынын “смотрящийи” С.С. менен тыгыз байланышта болгондугу тууралуу маалыматтар алынган.

Ал «уурулардын казынасын» толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алгандыгы аныкталган.

КР кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 4-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда М.Н.М. кармалып, анын жанынан Макаров системасынын травматикалык тапанчасы табылып алынган.

М.Н.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланып жаткандыгы айтылды.

“Киборг” каймана аттуу уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты