Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулду

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыкты.

Алар: Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов. Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты