Кеминде мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер ипотекалык компанияга өткөрүлөт

  • 4 недели мурун

Чүй облусунун Кемин районунда убагында ЖКнын мурдагы депутаты М.Н.К. менчикке мыйзамсыз чыгарып алган деп айтылган, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесинде мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат.

Бул тууралуу чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.

“Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батир берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Тийиштүү чечимди мамлекет башчы Садыр Жапаров кабыл алды. Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет” деп жазды Алакөзов.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 353,3 га жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.

353, 3 гектар ал жер Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Нурланбек Кадыкеевич Макеевге таандык болгону айтылууда, ал 2018-жылы каза болуп калган, анын жесири мамлекетке өткөрүп берүүгө макул болгон.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты