Келерки жылы ажылыкка баруучуларды каттоо башталды  

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 7-октябрда, 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталды. Квота толгондуктан ажылыкка төлөм кабыл алуу жабылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ажылыкка баруучулар ажылык наркынын ичинен алдын ала 2000 АКШ долларын РСК банкына  төлөштү. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Сауд Аравия падышалыгынын ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыяратын үчүн Кыргызстанга 6000 квота бөлдү.

Ал эми 2024 жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлүнгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты