KCFда бүлүк салгандар эки айга камакка алынды

  • 1 день мурун

Бишкек шаарында коомдук тамактануу жайында, KCFда бүлүк салып, коомчулукка жат аракеттерди жасаган шектүүлөр 20-декабрга чейин СИЗО-1 тергөө абак жайында камакта болот. Бул тууралуу Свердлов райондук соту 22-октябрда чечим кабыл алды.    

18-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайында, тагыраак айтканда KCFда плакат көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, бүлүк салып, коомчулукка жат аракеттерди жасашкан. Коомдук жайда бүлүк салган көрүнүштөрүн алар социалдык тармактарга жарыялашкан.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И., аттуу шектүүлөр кармалып, борбордук милициянын кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталды.

Сүрөт: Видеодон. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты