Казакстандын вице-премьери: Өлкө Орусияга каршы салынган санкцияларга кошулбайт

  • 1 месяц мурун

Казакстандын вице-премьер-министри Серик Жумангарин өлкө батыштын Орусияга каршы санкциялары боюнча жаңы саясат жүргүзүп жатканын билдирген. Ал эгерде бул чектөөлөр Казакстандын кызыкчылыгына доо кетире турган болсо, анда өлкө аларды «сокур түрдө ээрчибээрин» Bloomberg маалымат агенттигине берген маегинде айткан. Бул тууралуу «24.kg» жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Казакстандын вице-премьери берген маегинде айрым санкциялар республикага зыян келтирген. АКШнын чектөөлөрүнө кабылган компаниялар жабылып жатат, ал эми Батыш мамлекеттери келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн эч нерсе кылган жок, деп белгилеген ал.

«Биз өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө соода кылууга тыюу салганга жол бербейбиз»,-деген вице-премьер.

«Ал ошондой эле Казакстан аскердик да, жарандык да түрдө колдонулган шариктүү подшипниктерди сатууга тыюу салууга кошулбаганын белгиледи. Ал эми жергиликтүү завод Чыгыш Европада жана постсоветтик өлкөлөрдө салттуу түрдө колдонулуучу шариктүү подшипниктерди чыгараарын түшүндүрдү»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты