Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келди
- 6 месяцев мурун
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.
Анда тараптар эки тараптуу кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, мурда жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашат.
Муну бөлүшүү