Казакстандын Орлов шахтасында бир кенчи каза болуп, дагы бири жаракат алды

  • 2 недели мурун

Казакстандын Абай облусундагы Орлов шахтасында тоо тектери урап, бир жумушчу каза болуп, экинчиси жаракат алды. Окуя 19-сентябрда түштөн кийин болгонун KAZ Minerals тобу билдирди.

«19-сентябрда саат 14:20 чамасында ишкананын эки кызматкери жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча, буга тоо-таш массасынын кулашы себеп болгон. Жабырлануучулардын бири алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Экинчиси медициналык жардам алгандан кийин үйүндө» деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы.

Компания окуяны кокустук катары баалап, иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.

KAZ Minerals компаниясына таандык Орлов шахтасы Абай районундагы Жезкент айылында жайгашкан жана жез-полиметалл рудасын казып алат. KAZ Minerals Казакстандагы эң ири жез өндүрүүчү компания жана Чыгыш Казакстанда үч жер алдындагы кенди иштетет.

Августтун аягында жана сентябрдын башында KAZ Minerals компаниясына тиешелүү кендерде беш жумушчу каза болгон. «Иртыш» шахтасында болжол менен газга ууланган төрт кызматкердин сөөгү табылды, «Артемьевская» шахтасында шахтер жыгылып, алган жаракатынан улам каза болгон.

Бир күн мурун «Алтыналмас АК» ишканасына тиешелүү кенде да тоо тек урап, бир жумушчу уранды алдында калганы кабарланган.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты