Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 13-сентябрда, Астана шаарында V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк Көчмөндөр кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы кайрадан Кыргызстанга берилди.

Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов көөкөрдөгү мөңгү суусун Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго тапшырды.

Бул жолку оюндар Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 89 өлкөдөн келген 2500дөн ашык спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 183 спортчу 18 спорттун түрүнөн катышып, жалпы командалык эсепте 59 медаль (18 алтын, 18 күмүш жана 23 коло) менен 2-орунду ээледи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул Кыргызстандын ири долбоору. Ал 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өтүп, 2020 жана 2021-жылдары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөн.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин байыркы көчмөн элдердин оюндары түзөт.

2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Сүрөт: Маданият министрлигинин социалдык баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты