Казакстанда соттор кыздардын мектепте жоолук салынуусуна уруксат берди

  • 2 месяца мурун

Казакстандын бир катар аймактарындагы соттор мектеп жетекчилеринин жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей коюусун жана окуудан чыгаруусун мыйзамсыз деп тапты. Бирок соттон утуп алган ата-энелер менен мектептердин тиреши уланууда.

Карагандыда 13 жаштагы окуучу Анел Мусина ак жоолугун чечүүдөн баш тартып, сабакка келбей койгону үчүн мектептен чыгарылган. Ата-энеси мектеп администрациясын сотко берген. Сот Анелди окуудан чыгарууну мыйзамсыз деп таап, 8-класска которууга милдеттендирген. Сот өз чечимин Казакстанда бекер орто билим алууга кепилдик берилгени жана мыйзамдарда мектеп формасынын талаптарын бузгандыгы үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө каралбагандыгы менен негиздеген.

Кыздын атасы мектепке кайра кабыл алуу боюнча арыз жазган. Бирок орто окуу жайдын жетекчилиги арызды кабыл алуудан баш тартты.

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Карагандыдагы мектеп менен байланышты. Окуу жайдын жетекчилиги соттун чечимине каршы апелляциялык арыз жазып жатканын кабарлады. Павлодар жана Алматы облустарында да сот жоолукчан окуучулардын пайдасына чечим чыгарып, мектептерди окуучулардын сабакка катышуусун калыбына келтирүүгө милдеттендирди. Ушундай эле иш Түркстан облусунда да каралды.

Укук коргоочу Жаслан Айтмаганбетов соттор биринчи жолу жапырт түрдө жоолук салынган кыздардын жана алардын ата-энелеринин пайдасына чечим чыгарганын билдирди. Бирок мектеп директорлору менен жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн тиреши уланууда. Бул жаңы окуу жылында жоолук салынган кыздарды мектепке киргизбөө учурлары дагы кайталанышы мүмкүн дегенди билдирет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты