Казакстанда минималдык эмгек акы $270 чейин жогорулашы мүмкүн

  • 1 месяц мурун

Казакстан минималдык эмгек акыны белгилөө жөнүндөгү конвенцияны ратификациялаганы жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эгер документ жактырылса, өлкөдөгү эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү азыркыдай жашоо минимуму боюнча эмес, медианалык эмгек акы боюнча эсептелип, дээрлик 130 миң теңгени (270 доллардан ашык) түзүп калышы мүмкүн.

Казакстанда акыркы жолу минималдык айлык акы быйыл январда 70 миң теңгеден 85 миң теңгеге чейин (158-170 доллар) көтөрүлгөн.

Казакстан минималдык эмгек акыны белгилөө жөнүндөгү конвенцияны ратификациялаган Армения менен Азербайжандан кийинки КМШдагы үчүнчү өлкө болуп калышы мүмкүн. Конвенцияны ратификациялоо – минималдуу эмгек акынын өлчөмүн белгилөө боюнча эл аралык стандарттарды киргизүүнү камсыз кылат жана Казакстандын бул жааттагы эл аралык стандарттарды сактоо ниетин ырастайт.

Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, минималдык эмгек акы медианалык эмгек акынын 50% түзүшү керек. Бүгүнкү күндө Казакстанда медианалык эмгек акы 260 миң теңгенин тегерегинде (548 долларга жакын), демек минималдык айлык акы 130 миң теңгеге чейин (274 доллардан көбүрөөк) жогорулашы зарыл.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылдын ичинде казакстандыктардын орточо айлык акысы үч эседен көп жогорулаган. Ошол эле маалда ал сандарды долларга айлантканда, өсүү болгону 80 гана долларды түзүп калат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты