Казакстанда кыздарды жатын рагынан коргогон эмдөө башталды

  • 1 день мурун

Казакстандын башкы санитардык дарыгери жатын моюнчасында рак оорусун козгой турган папиллома вирусуна (HPV) каршы эмдөө боюнча токтомго кол койду.

Документке ылайык, 11 жаштагы кыздар эмделүүгө тийиш, эмдөө 12 жаштан 13 жашка чейинки кыздарга да жүргүзүлөт. Эмдөө ата-энелердин макулдугун алгандан кийин мектептердин медициналык бөлмөсүндө жүргүзүлөт. Эмдөөлөрдү клиникалардан да алса болот.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети эмдөө үчүн АКШдан келген вакцина колдонуларын билдирди. Ал вирустун бир нече түрүнө каршы иммунитетти камсыздоого жардам берет.

Бул өнөктүк быйыл күздө башталып, буга чейин аймактарда жүздөгөн кыздар эмдөөдөн өткөн. Бийлик эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Анткени жатын моюнчасынын рагы Казакстанда аялдардын арасында эмчек рагынан кийинки экинчи орунда турат жана жыл сайын 900 жаңы учур катталат.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты