Казакстанда боз үйдө шиш така менен бийлегендерге кылмыш иши козголду

Алматы облусуна караштуу Карасай районунун полициясы улуттук кийимчен жана шиш така кийип бийлегендерге карата кылмыш ишин козгоду.

«Информбюро» басылмасынын маалыматына караганда, иш кылмыш кодексинин 174-беренесинин негизинде («социалдык, улуттук, уруулук, расалык, таптык же диний кастыкты козутуу») козголгон.

Буга чейин мажилистин депутаттары эркек кишинин аялдын улуттук кийимин кийип, боз үйдө бийлеп жатканы тартылган видеоклипке нааразылыгын билдиришкен.

Полиция экспертизанын жыйынтыгынан кийин укуктук баа берилип, процессуалдык чечим чыгарыла турганын билдирүүдө.

Июнь айында социалдык тармактарда эркек кишинин боз үйдө шиш така менен бийлеп жатканы тартылган видео кызуу талкууга алынган.

Видео Казакстанда ызы-чуу жараткан. Нааразылыгын расмий адамдар да билдирип, «бул казак элинин баалуулуктары менен салт-санаасына каршы» келе турганын айтып чыгышкан. Айрым депутаттар боз үйдө бийлегендерди «жалпы элди кемсинтүү» деп атап, аларды жазалоону талап кылышкан.

Бийчилер социалдык тармакта катуу сынга кабылган. Алардын бири хореограф Алишер Султанбекулы «жөнөкөй адамдардын чыгармачыл кишилерди түшүнүшү кыйын, алардын дүйнөсү такыр башка» деп билдирген. Ал видео улутту кемсинтүүгө кирбей турганын белгилеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты