Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик машыгуусу өтүүдө

  • 2 месяца мурун

Казакстандын Маңгыстау облусунда постсоветтик беш мамлекеттин катышуусунда «Бірлестік-2024» аскердик машыгуулары негизги фазага өттү. Каспийдин жээгиндеги аскердик окуу Орусия катышкан жок.

Казакстандын Коргоо министрлиги Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын армиясынын контингенттери күжүрмөн даярдыктын эң жогорку деңгээлине жеткирилгенин билдирди.

Машыгуунун максаты – куралдуу кагылышуулардын зонасын аныктоо багытында күжүрмөн даярдыктан өтүү.

«Батыш» аймактык командачылыгынын аскерлеринин кол башчысы, генерал-майор Бауыржан Артыков «Хабар» мамлекеттик телеканалына берген комментарийинде машыгууга танк бөлүктөрү жана атайын күчтөрдүн бөлүктөрү катышып жатканын, аскердик авиация тартылганын, деңиз багытында да окуулар жүрүп жатканын айтты.

Машыгууга катышкан беш өлкө тең Борбор Азия жана Кавказ аркылуу Кытай менен Европаны байланыштырган Ортолук коридордун боюнда жайгашкан. Транскаспий деп аталган бул каттамдын мааниси Москва Украинага басып кирип, Орусияга санкциялар салынып, ошондой эле Йемендиги хуситтер 2023-жылы Кызыл деңиздеги кемелерге кол салгандан кийин жогорулаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты