Казакстанда блогер Садыковду атууга шектүүнүн бири кармалды

  • 3 месяца мурун

Казакстандын башкы прокуратурасы Киевде казакстандык оппозициячыл активист жана блогер Айдос Садыковго кол салууга шектелген эки кишинин бири, Алтай Жаканбаевдин кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөн жума күнү Жаканбаев өзү Казакстандын ички иштер органдарына кайрылган. Аны суракка алып, андан соң кармашкан.

Садыковго кол салууга шектелген экинчи киши – Мейрам Каратаев изделүүдө. Ачык булактарда Мейрам Каратаев Костанай облустук ички иштер департаментинде иштегени айтылат. Ички иштер министрлиги ал 2019-жылы жумуштан бошонуп кеткенин маалымдаган.

Украин прокуратурасынын сайтында 18-июнда түш ченде Каратаев «автоунаанын айдоочу отурган жагына тез басып барып Садыковду чыкыйга мээлеп атканы» жазылат. Айдос Садыков учурда оор абалда ооруканада. Жанындагы аялы жабыркаган эмес.

Каратаев менен Жаканбаев окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Садыков жубайы менен Украинага 2014-жылы көчүп барып, ошол жактан качкын макамын алышкан. Мекенинде аларга «кастык козутту» деп былтыр издөө жарыяланган.

Айдос Садыков БАСЕ интернет-медиасы аркылуу казак бийлигин сындап, Токаевди «Орусиянын пайдасына иштеп жатат» деп айыптаган. Ал 2022-жылдын январындагы Казакстандагы адам өлүмү менен коштолгон нааразылык акцияларын активдүү колдогон, чагылдырган.

Сүрөт: Айдос Садыковго кол салынган жер, Киев, 18-июнь, 2024-жыл. gov.uz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты