Казакстанда беш өлкөнүн катышуусунда аскердик машыгуулар өтүүдө

  • 2 месяца мурун

Казакстандын Маңгыстау облусунда «Бирлестик-2024» аттуу аймактык машыгуулар башталды. Ага Казакстандан тышкары Кыргызстан, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер кызматкерлери катышууда.

Машыгуулардын максаты – куралдуу жаңжалдарды чектөө боюнча операцияларды жүргүзүү экени айтылды. Ага 4 миңге чукул аскер кызматкери, 700гө жакын курал-жарак жана аскердик техника тартылган.

«Тактикалык эпизоддор жердеги жана абадан чалгындоочу топтордун, Аскер-деңиз күчтөрүнүн, армиянын, авиация экипаждарынын, согуштук кемелер менен катерлердин, артиллериялык чалгындоо топторунун, чабуул коюучу жана танк бөлүктөрүнүн катышуусунда өтөт»деп жазылган Казакстан Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Каспий деңизинин жээгинде өтүп жаткан машыгууларга Иран менен Орусия чакырылган эмес. Чет элдик басылмалар бул Москванын тынчсыздануусун жаратканын кабарлашкан. Орус ЖМКлары Орусия менен Иран бул машыгууларга катышпаса да, жок дегенде «байкоочу» катары чакырылышы керек болгонун жазышкан.

«Бирлестик-2024түн» катышуучуларынын баары тең Орусияны айланып өтүп, Кытай менен Европаны бириктире турган Транскаспий каттамынын боюнда жайгашкан. Бул каттамдын мааниси 2022-жылы Москва Украинага кол салып, Батыш өлкөлөрү санкция салгандан кийин, ошондой эле 2023-жылы Кызыл деңизде йемендик хуситтер кемелерди аткылай баштаганда жогорулаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты