Казакстанда АН-2 учагынын кырсыкка учурашын атайын комиссия иликтейт

  • 2 месяца мурун

21-июлда Казакстандын Акмоло облусундагы Жаркайың районунда АН-2 учагы кулап түшүп, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министринин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Беркут-авиа» компаниясына таандык учак Державинск шаарынан 10 чакырым алыс жерде кырсыкка учураган. Ал техникалык учуу үчүн жерден көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкта каза болгондор жана жаракат алгандар жок экенин билдирди. Борттогу жалгыз учкуч өрттөнүп жаткан учактан өз алдынча чыгып кете алган.

Бул кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, иштей баштады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты