Казакстанда АЭС куруу маселеси боюнча референдум өтөт

  • 3 недели мурун

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев өкмөттүн 27-августтагы жыйынында АЭС куруу маселеси боюнча референдум өткөрүү тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун кароону сунуштады.

«Казакстандыктар референдум аркылуу туруктуу жана натыйжалуу энергия булагына негизделген өлкөнүн келечеги боюнча чечим кабыл ала алышат» деди Саткалиев.

Казакстандын бийлиги 2030-жылга карата өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жаралат деп болжолдоп жатат.

«АЭСтин курулушу энергетикалык жана экологиялык гана маселелерди чечпестен, илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү программаларын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эл аралык өнөктөштөр менен бирге ишке ашырыла турган долбоорлор Казакстанды уран өндүрүү боюнча дүйнөнүн лидери гана эмес, атом тармагы боюнча жогорку технологиялык чечимдерде да жаңы деңгээлге алып чыгат. Буларга медицина жана мунай тармагына керектүү болгон радиоизотопторду өндүрүүнү киргизсек болот» деди Саткалиев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев июнь айында ЖМК өкүлдөрүн сыйлоо аземинде өлкөдө АЭС куруу боюнча референдум быйыл күзүндө өтөрүн билдирген. Анда ал добуш берүүнүн так датасын өкмөт аныктай турганын айткан.

Сүрөт: TASS

Буга чейин Казакстандын ондогон шаарларында АЭС куруу маселеси боюнча «коомдук угуулар» өтүп, тармактын өкүлдөрү заманбап реактордук технологиялар жөнүндө айтып беришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты