Казакстанда АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөн активистке иш козголду

  • 1 неделя мурун

Алматынын Ауэзов районунун прокуратурасы жарандык активист Абзал Достияровго атомдук электр станциясынын курулушу боюнча сурамжылоо жүргүзгөндүгү үчүн административдик иш козгоду.

Мурдараак Достияров кесиптеши Дана Сарсенбай менен бирге прокуратурага чакырылганын билдирген. 9-сентябрда прокуратура активист бул аракети менен шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүргүзүүнүн шарттарын бузду деп билдирди.

Сурамжылоонун жыйынтыгы Достияровдун YouTube-каналында жарыяланды.

Прокуратуранын токтомунда YouTube-каналындагы сурамжылоо 3 күн мурун жарыяланганы айтылат. Ошондой эле референдумга байланыштуу сурамжылоо бул өнөктүккө даярдануу жана өткөрүү мезгилинде «Казакстан Республикасындагы шайлоолор жөнүндө» мыйзамдын нормаларына ылайык өткөрүлүшү керектиги белгиленген.

Документте сурамжылоону Казакстанда катталган, беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар юридикалык жактар гана жүргүзө ала турганы айтылат. Бул тууралуу алар Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, керектүү документтерди тиркөөлөрү керек.

Активист айыптоого макул эмес. Ал жалпы коомдук сурамжылоо жүргүзбөгөнүн, бирок көрүүчүлөр үчүн талкуу баштоо үчүн YouTube-каналына контент даярдап жатканын айткан.

Достияров соттук териштирүүнү күтүп жатат. Отурум качан өтөрү белгисиз.

2-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон. Референдумга бир гана «Казакстанда атомдук электр станция курулуш керек дегенге кошуласызбы?» деген суроо коюлат.

Казак бийлиги референдумду өткөрүүгө казынадан 15,5 миллиард теңге сарптоону пландап жатат.

АЭС кайсы аймакта курулары тууралуу расмий маалымат чыга элек. Бирок болжолдуу жер катары Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылы аталып келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты