Казакстанда АЭС боюнча референдумду өткөрүүгө 32 миллион доллар сарпталат

  • 2 недели мурун

Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сабина Мустафина 3-сентябрда билдиргендей, Казакстанда кийинки айда өтчү атомдук электр станция куруу маселеси боюнча жалпы улуттук референдумга 15,5 млрд тенге же 32 миллион доллар сарпталары күтүлүүдө.

2-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон.

Мустафинанын айтымында, бул сумманын 71% шайлоо комиссиясынын 70 миңдей кызматкерине төлөнөт, 21% ар кандай коммуникациялык иш-чараларга, көрнөк-жарнак, бюлеттендерге коротулат. «Биздин эсептерди Каржы, Улуттук экономика жана Юстиция министрликтери жактыргандан кийин өкмөт канча каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алат» деп кошумчалады Мустафина.

Маалыматка караганда, өлкө боюнча добуш берүүгө укуктуулардын саны 12 миллиондон ашат. Бул үчүн коңшу өлкөдө 10 миң жана чет жактарда 78 шайлоо бекети ачылат. Референдумга бир гана «Казакстанда атомдук электр станция курулуш керек дегенге кошуласызбы?» деген суроо коюлат.

Казакстандыктар арасында АЭС куруу жаатында талаш бар. Буга чейин өткөн коомдук талкууларда макул жана каршылар бирдиктүү пикирге келе алган эмес.

АЭС кайсы аймакта курулары тууралуу расмий маалымат чыга элек. Бирок болжолдуу жер катары Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылы аталып келет.

АЭСти куруу долбооруна кайсы мамлекеттер аралашары да белгисиз. Казак бийлиги бул чечим референдумдан кийин кабыл алынарын айтууда.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты