Казакстанда абактагы кыйноо иши боюнча сот өтүп жатат

  • 2 месяца мурун

Казакстандын Көкшетау шаардык сотунда колониядагы кыйноо фактысы боюнча соттук отурум башталды. Кыйноо учуру тартылган видео былтыр сентябрда тараган.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, иш боюнча 41 жабырлануучу бар. Сот жообуна 12 адам тартылууда. Алар Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо, башкача айтканда, алдын ала кутум менен адамдардын тобу тарабынан жасалган физикалык же психикалык кордук көрсөтүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Сот жараяны ачык өтүп жатат.

2023-жылдын сентябрь айынын башында интернетте Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитетинин Атбасар шаарындагы №1 (ЭЦ-166/4) мекемесинде камалгандардын кыйноого алынганы тууралуу видеотасмалар пайда болгон. Видеодо колониянын кызматкерлери активист Тимур Данебаевди таяк менен сабашканы тартылган.

Тимур Данебаев жарыяланган видеодогу резина таяк менен жамбашка уруу – 20га жакын кыйноонун бир эпизоду гана экенин маалымдаган.

Интернетте абактагылардын ур-токмокко алынганы тартылган видео пайда болгондон кийин Түзөтүү мекемеси колониянын 11 кызматкери кызматтан алынарын билдирген.

Колониянын кызматкерлери эч кандай кыйноо болбогонун жана мыйзамсыз иштен алынганын, бул аракеттери көзөмөл органы менен «макулдашылганын» айтышкан. Прокуратура бул билдирүүлөргө комментарий берген эмес.

Тимур Данебаев 2022-жылдагы Январь окуясы учурунда президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга «20 миң террорист» кол салган деп айтканы үчүн аны жоопко тартыш керек деп айткан активист катары таанылган.

Европарламент Борбор Азия боюнча резолюциясында Данебаевди бошотууга чакырган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты