Казакстан өз жарандарына Украинадан чыгып кетүүнү сунуштады

  • 1 неделя мурун

5-сентябрда Казакстандын элчилиги Украинадагы казакстандыктарга кайрылуу жасады.

«Чыңалуунун күчөгөнүнө жана коопсуздук себептерине байланыштуу Казакстандын Украинадагы элчилиги Казакстандын жарандарына Украинанын аймагынан чыгып кетүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайт» деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик казак жарандары Польша же Молдовага барып, андан ары коммерциялык каттамдар аркылуу Казакстанга учса боло турганын белгилейт.

Польша аркылуу өтүү үчүн казакстандыктар Шенген визасын алышы керек. Казакстандын жарандарына Молдовага кирүү үчүн виза талап кылынбайт.

Элчилик бардык жарандарды аба чабуулу боюнча эскертүүлөргө көңүл бурууга, токтоосуз баш калкалоого, коопсуздук чараларын сактоого жана расмий бийликтин сунуштарын аткарууга чакырды.

Билдирүүдө Казакстандын канча жараны учурда Украинада экени айтылган жок.

2022-жылдын март айынын аягында казак бийлиги Украинадан 900 казакстандыкты эвакуациялаганын жарыялаган. Алардын көбү Казакстанга кайтып келишкен.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты