Казакстан ракка каршы жергиликтүү өндүрүштөгү дарыны сыноодон өткөрүүдө

  • 2 месяца мурун

Казакстанда жергиликтүү адистер иштеп чыккан рак илдетине каршы дарынын кезектеги, экинчи клиникалык сыноосу башталды.

Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбекке шилтеме кылып кабарлады.

Министрдин айтымында, онкологияга каршы терапия үчүн Казакстандын өзүндө даярдалган дары адамдарга жасалган клиникалык сыноонун биринчи стадиясынан ийгиликтүү өткөн. Ага онкологиялык илдетке чалдыккан 15 бейтап катышкан.

Клиникалык сыноонун биринчи этабына оорунун эң агрессивдүү түрлөрүнүн бири болгон жоон ичеги рагынын 4-стадиясындагы бейтаптар ыктыярчы катары катышкан. Дары өз натыйжалуулугун көрсөтө алган. Өсмө шишик орто эсеп менен 30 пайыз кичирейгени маалымдалган.

Тестирлөөнүн экинчи этабы 1-июлда башталды. Министрдин айтымында, бул жолу клиникалык сыноого Астана, Алматы жана Павлодар шаарларында үч миңдей адам катышат.

Экинчи этапта адистер дарынын таасирин рактын ар кандай түрү менен ооруган адамдар аркылуу сынап көрүшөт.

Бардыгы болуп сыноого катышуу ниетин 5 миңден ашуун бейтап билдиргени, экинчи этапка жогорку илим-техника комиссиясынын чечими менен 2 миллиард теңгедей акча бөлүнүп берилери, дарыны расмий каттоого алуу иши келерки жылы башталары маалымдалды.

Назарбаев университетинин окумуштуулар командасы рактын KRAS-мутант түрлөрүнө каршы клиникалык изилдөө жүргүзүп жатканы быйыл январь айында кабарланган.

Сүрөт: Саясат Нурбек

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты