Казакстан: Маймыл чечегине байланыштуу чек ара бекеттеринде көзөмөл күчөтүлдү

  • 4 недели мурун

Казак бийлиги mpox (маймыл чечек) инфекциясынын өлкөгө киришинин алдын алуу үчүн аэропорттор менен чек ара бекеттеринде санитардык-карантиндик чараларды күчөттү.

Бул тууралуу 18-августта Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлиги инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрдү. Санитардык-карантиндик пункттарда, анын ичинде аэропорттордо жана чек ара бекеттеринде, көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга көңүл бурулат» деп айтылат маалыматта.

Аталган мекеме Казакстанда бул оорунун бир дагы учуру катталбаганын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатканын жана бардык өзгөрүүлөргө ыкчам чара көрүүгө даяр экенин кошумчалады.

Министрлик илдет жайылган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү, анын ичинде оорулуу адамдар жана жапайы жаныбарлар менен байланышуудан алыс болууну, ошондой эле исиркек жана дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер пайда болгондо дароо медициналык жардамга кайрылууну сунуштады.

Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында мpox инфекциясы 14 000ден ашуун адамда катталды. 524 киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасы, Кения, Руанда жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.

2022-жылы ДСУ расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын «Monkey pox» деген сөздөн Mpox деп кыскартып, расмий жарыялаган. Оору, дарыгерлердин айтымында, теридеги бүдүр кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат.

Сүрөт: ISNA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты