Казакстан Германияга ташылган мунайдын көлөмүн көбөйтүүгө даяр

  • 1 день мурун

Казакстан Германияга мунай экспортун көбөйтүүгө даяр экенин өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 16-сентябрда Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун жолугушуусунда билдирди.

Токаев Казакстан ишенимдүү өнөктөш экенин жана көмүр суутектери менен туруктуу камсыздоо үчүн Германиянын колдоосуна ишенерин белгиледи.

Токаев ошондой эле «Борбор Азия плюс» форматынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө умтуларын жана Германияга маанилүү материалдарды жеткирүүнү көбөйтүү негизги багыт экенин белгиледи. Ал Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдарды изилдөө борборун түзүүнү сунуштап, өлкөдөгү баалуу жана түстүү металл кендерин чалгындоо жана иштетүү үчүн немис инвесторлорун тартуу идеясын колдоду.

Саммиттин жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Германиянын канцлери Олаф Шольц Германия Украинаны колдоону уланта турганын баса белгилеп, Орусия тараптан уланып жаткан агрессияга көңүл бурду.

Казакстан Орусия менен эң узун чек ара сызыгына ээ жана Москванын эзелки өнөктөшү. Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары Казакстан менен Орусия өз ара эркин товар жүгүртөт. Казакстан ошондой эле Орусияга багытталган кош максаттуу товарлар үчүн маанилүү транзиттик пункт болуп саналат.

Сүрөт: t.me/akorda-resml

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты