Казак сенатынын спикери оппозиционер Садыковго кол салууга бийликтин тиешеси жок экенин айтты

  • 4 месяца мурун

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев 27-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, казакстандык оппозициячыл активист Айдос Садыковдун өлтүрүлүшүнө Казакстан бийлиги кызыкдар болгон деген айыптоолорду четке какты. Ал муну чагымчыл билдирүү катары баалады.

Анын айтымында, Казакстандын Башкы прокуратурасы тергөөгө кошулду жана Украинадагы кесиптештери менен байланышта.

«Ал эми мындай кырдаалда Казакстан журналистти жок кылууга кызыкдар деген ар кандай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт жана Казакстанды кандайдыр бир геосаясий оюндарга тартуу үчүн түз провокация катары каралат», — деп кошумчалады Ашымбаев.

Ошол эле учурда сенаттын төрагасы Казакстан Айдос Садыковду өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген жаранды Украинага өткөрүп бербей турганын билдирди.

«Бул жалпы принцип: Казакстан өз жарандарын башка мамлекеттерге бербейт», — деди Маулен Ашымбаев.

Казакстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык журналист Айдос Садыковго кол салууга шектелген эки адамдын бири — Алтай Жаканбаев кармалганын 22-июнда маалымдаган. Жаканбаевукук коргоо органдарына өзү келген. Суракка алынып, андан кийин кармалган.

Прокуратура бул окуяга шек саналып жаткан экинчи адам — Мейрам Каратаевди издөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин, андан кийин азыркы башчысы Касым-Жомарт Токаевдин башкаруусу тууралуу кескин сын макалалары, иликтөөлөрү менен таанылган казакстандык журналист жана оппозиционер активист Айдос Садыковдун абалы оор деп бааланууда.

Окуя 18-июнда Украинанын борбору Киевде болгон. Жубайы Наталья Садыкова кол салгандар күйөөсүн жөн гана коркутуу эмес, жок кылуу максатын көздөгөнүн айтууда.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты