Катталбаган мобилдик телефондор 16-августтан тарта өчүрүлөт

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 25-июнуна чейин Кыргызстандын аймагына тастыктоочу документтерсиз алынып келинген бардык катталбаган мобилдик түзүлүштөр 16-августтан тартып байланыш операторлорунун тармагынан ажыратылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, контрафакттык телефондорду колдонуудан коргоо максатында мобилдик аппаратты идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген.

Мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС) өлкө аймагына импорттолгон жана SIM-карталарды иштетүүчү байланыш каражаттарынын стандарттарын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык байланыш каражаттарын каттоо үчүн бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу максатында киргизилген.

Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдөрдү, ошондой эле бажы төлөмдөрүн жана салыктарды мобилдик түзүлүштөрдү импорттогон жактар төлөйт. Ал эми жөнөкөй жаран чет өлкөдөн өлкө аймагына жылына 2ден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат.

«Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аппараттарды сатып алган адамдар (мисалы, телефон сиз менен чет өлкөдөн алынып келинсе же Кыргыз Республикасынан тышкары эл аралык базарларда онлайн заказ кылынса), “www.imei.kg” сайтында катталышы керек»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми өлкө аймагында аппараттарды сатып алган адамдарга аппаратты өз алдынча каттоонун кереги жок. Мобилдик түзмөктөрдү сатып алардан мурун телефондон *5656# буйрутмасын терип, «www.imei.kg» веб-сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси аркылуу МИСына катталгандыгын текшериши керек.

Ошондой эле МИС системасы ишке киргенге чейин (2024-жылдын 25-июнуна чейин) колдонулган кыргызстандык жарандардын бардык мобилдик түзүлүштөрү автоматтык түрдө тизмеге киргизилгендиги, б.а. байланыш операторлорунун тармагынан ажыратылбаары айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты