Кароосуз калган төрт ымыркай Москвадан Кыргызстанга алынып келинди

  • 3 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги Москвада кароосуз калган төрт наристени Кыргызстанга алынып келди. Министрликтин маалыматына караганда, ымыркайлардын кичүүсү — 10 айлык, улуусу — эки жашта.

Учурда балдардын биологиялык туугандарын издөө иштери жүрүп жатат, балдар туугандарына өткөрүлүп берилет.

Москвадан буга чейин да кароосуз калган наристелер алып келинип, балдар үйлөрүнө же Кыргызстандагы туугандарына өткөрүлүп берилген учурлар болгон. Жыл башынан бери он чакты өспүрүм мекенине жеткирилип, жакындарына берилгенин Ички иштер министрлиги маалымдаган.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Андан сырткары Казакстан, Сирия жана Ирактан дагы ондогон балдар келген. Алардын айрымдары өз туугандарына берилсе, арасында асырап алары жоктору да болгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты