Караколдо өспүрүм сууга чөгүп бараткан үч кишинин өмүрүн сактап калды

  • 2 месяца мурун

12 жаштагы Алинур Туратбеков Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, үч кишинин өмүрүн куткарып Алинур Туратбеков Тоң районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын уюштуруу — тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу.  Алинур самбо менен машыгат.

Окуя  20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көлдүн жээгинде эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгө баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгө башташкан.

Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган. Анын көрсөткөн эрдиги кырсыктын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап калды.

Сүрөттө: Алинур өзү куткарып калгандар менен. ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты