Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекеме аныкталды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 28-июнда Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган диний мекеме өз иштерин дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат документтери жок жүргүзүп келген.

Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык  бала билим алып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.

Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекеме аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты