“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

3-июль күнү Махмуд Абдулмумин аттуу Фейсбук колдонуучусу “Каракалпакстандын көчөлөрү 2005-жылдагы Андижандын көчөлөрүндөй канга боёлду” деген видеону бөлүшкөн. Видеодо 50дөн ашуун адам жана кызылга боёлгон асфальт көрсөтүлгөн. 

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

“ПолитКлиника” медиасы видеону анализдеп көрдү. 

Окуянын чоо жайы

Каракалпакстанда нааразылык акциялары Өзбекстандын бийлиги Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун жарыялангандан кийин башталган. Конституциянын жаңы редакциясы коомдук талкууга 26-июнда чыгарылып, Өзбекстандын аймагынын 40 пайызын ээлеген каракалпактар ​​Ташкент сунуштаган 170 өзгөртүүнүн экөөнө каршы чыгышкан. Атап айтканда, Республиканын суверенитетин жоюуга жана Өзбекстандан бөлүнүп чыгуу укугунун алынышына каршы болушкан. 

Учурдагы Конституцияда  Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген «суверендүү республика» деп мүнөздөлгөн жана бул республиканын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Мындан тышкары Каракалпакстан республикасы аймактагы «бүткүл элдик референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгып кетүү укугуна ээ экени» да белгиленген.

Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынып салынган. Мындан тышкары «Өзбекстан менен Каракалпакстан республикасынын карым-катышы эки тараптуу келишим жана макулдашуулар менен жөнгө салынат» деген тариздеги берене да жоюла турганы маалым болгон.

Мындай түзөтүүлөр Каракалпакстандын тургундарынын нааразычылыгын жаратып, миңдеген тургундар митингге чыгышкан. Каракалпакстандын Нукус шаарында көчөгө чыккан демонстранттар сунушталып жаткан мыйзамга каршы чыгып, кийинчерээк активист Даулемурат Тажимуратовдун камалышы абалды чыңалткан. 

Кийинчерээк Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан автономиялуу республикасынын борбору Нукуска учуп барып,жергиликтүү депутаттарга жолуккан.

Маалыматка ылайык, Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын элинин пикирин эске аларын айтып, ошол эле учурда Конституцияны өзгөртүү боюнча талкуулар аягына чыга электигин белгилеген.

3-июль күнү Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилди. Ага ылайык, кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат жарыяланып, абал 3-августка чейин улана турганы белгилүү болду. 

Белгилей кетсек, Каракалпакстан автономиялуу Республикасынын өзүнүн конституциясы, желеги, герби жана гимни бар. Тарыхка ылайык, 1930-жылы Кара-Калпак автономиялуу облусу Казак АССРинин курамынан чыгарылган. 1932-жылы РСФСРдин курамында Кара-Калпак АССРине айландырылып, Нукус шаары анын борбору болгон. 1936-жылы 5-декабрда Кара-Калпак АССРи Өзбек ССРинин курамына кирген. 1964-жылы Каракалпак АССРи (ККАССР) деп аталып калган.

1990-жылдын 14-декабрында Каракалпак АССРинин Жогорку Кеңеши Мамлекеттик суверенитет жөнүндө Декларацияга кол койгон. 1992-жылы 9-январда аймак Каракалпакстан Республикасы болуп өзгөртүлүп, 1993-жылы республиканын Өзбекстанга кириши боюнча 20 жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Бул келишим калктын Өзбекстандан чыгуу боюнча референдум өткөрүү укугун караган.

Каракалпакстан Республикасы парламенттик башкаруу формасына ээ. Республиканы Жогорку Кеңештин төрагасы башкарат. 

Кызыл боёк же кан 

Фейсбукта жарыяланган видео 13 секундадан турат. Анда көк унаа жана 50дөн ашык адам көрүнгөн. 

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

Видеонун акыркы секундасында көчөдөгү баннерде “Салем, Нукус” деген жазууну көрүүгө болот. 

Башкача айтканда видео Нукуста тартылганы чындык. 

Жолдон өтүп бара жаткан унааны карап көрө турган болсок, суу чачкан унаага (водомет) окшош экенин байкоого болот. 

Кээ бир интернерт колдонуучулары Нукустун көчөлөрүндөгү кызыл зат кан эмес боёк экенин айтышкан. 

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

Далил катары 2020-жылы Беларуссияда демонстранттарды таратуу максатында чачылган кызыл түстөгү суу чачкан унааны көрсөтүшкөн. 

Чынында 2020-жылы Беларуссиядагы демонстранттарды таратуу максатында кызыл жана саргыч түсттөгү суу чачылган.

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

Максаты, нааразычылык акциясына чыккандарды таратуу болгон. 

Бирок БАСЭ.kz Телеграмм каналында жарыяланган башка видеолорду карап көрө турган болсок, Нукус шаарында демонстанттарды таратуу максатында алгач жөнөкөй суу чачылган.  

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

Демонстранттарды таратуу үчүн боёк кошулган суу чачылганын аныктоочу видеолор жок. Бирок, Телеграмм каналга жарыяланган башка видеодо суу чачуучу машинанын жанында каза болуп жаткан киши көрсөтүлгөн. 

“Каракалпакстандын көчөлөрү канга боёлду”. Фейсбуктагы видеону текшеребиз (Фактчекинг) 

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы нааразылык акциялары башталгандан кийинки үчүнчү күнү Нукустагы демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында адам өмүрү кыйылганын моюнга алган. Бирок каза болгондордун саны тууралуу маалымат берген эмес. 

Жыйынтык: Видео Каракалпакстандын Нукус шаарында тартылганы чындык. Көчөдөгү кызыл суюктуктун кан же боёк экенин аныктоо мүмкүн болгон жок. Бирок Басе.kz телеграмм каналындагы видеолордон адам өмүрлөрү кыйылып жатканын көрүүгө болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты