Каракалпакстандагы жапырт башаламандык боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Каракалпакстандагы жапырт башаламандык фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлдагы брифингде маалымдады.

Мекеме билдиргендей, тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын Мамлекеттик күзөт кызматы, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук гвардия жүргүзүүдө.

Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелеринин, анын ичинде 159-беренесинин («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу») негизинде козголгон.

Мекеме буга чейин маалымдагандай, Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. 243 киши жаракат алды, алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Даврон Жуманазаров 1-2-июль күндөрү 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Буга чейин өзбек президенти карапайым тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар бар экенин айткан.

Нукуста 1-2-июль күндөрү Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө каршы жапырт демонстрациялар өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты