«Кара-Жыгач токоюнда» жарандарга мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды

  • 16 часов мурун

«Кара-Жыгач токоюнда» жарандарга мыйзамсыз берилип кеткен 1,2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, сейил бактагы аталган жер тилкеси Свердлов администрациясы тарабынан 2007-жылдагы «Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө» токтомдун негизинде 30 бирдиктерге бөлүнүп, жарандарга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.

«Райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылып, ал эми келтирилген прокурордун актысынын негизинде баасы 126 млн 780 миң сомду түзгөн 1,2 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты