Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулду  

  • 2 месяца мурун

Ош шаардык соту кечээ, 23-июлда кечинде, Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасын карап, аны эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотуу чечимин кабыл алды.

22-июлда Темирболот Абыкеев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы жер тилкелери маселеси боюнча суракка чакырылгандыгы тууралуу социалдык тармактарга маалымат жарыяланган.

Буга чейин жайыт жерлер жеке үй куруу үчүн берилип жатат деген маалыматтар айтылып келген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда Оштогу кеңешмеде Кара-Сууда элге деп бөлүнгөн 138 гектер жер тилкелери мыйзамсыз берилип жаткандыгы тууралуу сөз козгогон.  

2024-жылдын 24-июнунда ОшТВ журналисттери акимдин тойдо жүргөнүн тартканда, аким журналисттин телефонун тартып алган. Ал эми 30-июнда блогер Гүлпери Жанышбек кызы кармалган. Гүлпери Жанышбек кызы Фейсбук баракчасына Оштогу жергиликтүү бийликти сындаган маанайдагы маалыматтарды жарыялап турат. Жанышбек кызы Фейсбук баракчасына “Мени подстава кылышты, аким максатына жетти” деген билдирүү калтырган.

Камалганга чейин ал Темирболот Абыкеев ага жалаа жаап жатканын айткан.

Сүрөттө: Темирболот Абыкеев.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты